Социалдык кызматкер - ардактуу жана келечектүү кесип

Кандай гана мамлекет болбосун, ал социалдык кызматкерлерге сөзсүз муктаж. Анткени адамзат коомунда жаш-кары, бай-кедей, күчтүү-алсыздар ар дайым болгон жана боло бермекчи. Мына ошол катмарларды бири-бирине байланыштырып, кайрымдуулукка үндөп, коомдо социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга чакырылгандар - социалдык кызматкерлер болуп саналат.

Социалдык кызмат - бул бир эле убакта кесип да, соопчулук да болуп саналат. Анткени кесип катары мамлекеттик институттарга керек, ал эми соопчулук катары мамлекеттик эмес тармактарда иш алып барат.

Социалдык кызмат акыркы убактарда илимдин бир бутагына айланууда. Бир топ өлкөлөрдө бул кесиптин алкагында илимдин докторлору жана магистрлери даярдалууда. Социалдык кызматкер Бириккен Улуттар Уюмунда да чоң роль ойноп, табигый жана социалдык кырсыктардан жабыр тарткан аймактарда өзгөчө иш алып барышууда.

Ошондуктан социалдык кызмат кесибин тандаган жаштардын келечекте орду кенен. Ал эми бул кесипти биздин университетте жогорку профессионалдуу, эл аралык билими бар мугалимдер даярдайт. Студенттерге лекциялар гана окулбастан, акыркы илимий-педагогикалык ыкмалар аркылуу кесипке тиешелүү жөндөмдөргө да басым коюлат.

Ошондой эле студенттер социалдык тармакта иштеген кызматкерлер, министирлер, ал тургай Бириккен Улуттар Уюмунун адистери менен жолугушуп, алардан таалим алышат.

Бул кесипке тапшырууну каалоочулар Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун 4-окуу корпусуна келип, кеңири маалымат алышса болот.

Фото альбом |Маалымат борбору |Facebook |Video |Брошюрка |Социалдык кызмат

Университет тууралуу

И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети Кыргыз Республикасындагы эң алгачкы жана эң чон билим берүү булагынын бири болуп саналат.Университетте 17000 дей студент окуп, 1500 миңдей мугалим эмгектенет жана ошону менен бирге эле Азия, Борбордук жана Чыгыш, Америка, Европа жана мурунку Совет өлкөлөрүнөн келген студенттердин саны жыл санап өсүүдө. Бул мамлекеттик университете 11 институт бар жана ар бир институтта заманбап класстык бөлмөлөр, аудиториялар жана жатаканалар бар.

Учурда жүрүп жаткан Жогорку Билим Берүү реформасына ылайык университет өзүнүн программаларын жана окуу планын окуу системасына карата өзгөртүүгө жана глобалдуу конкурстук курстарды көбөйтүүгө аракеттенип келет.

Ошол себептен улам, университет ар кыл улуттагы студенттердин жана абдан ыңгайлуу программалары бар жөндөмдүү кадрлардын санын көбөйтүүгө абдан кызыктар.

Эгер сиз биздин университет жөнүндө кеңири билгиңиз келсе Эларалык билим Департаментине же Карьера Борборуна кайрылсаныз болот.

Биздин дарегибиз: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 51. Корпус #2. Тел. 661346. Email: kyrgyzeducation@gmail.com

Кош келиңиз!